Көчмөндөр оюндары өтчү бир катар объектилер текшерилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жайгашкан Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун даярдыгы менен таанышты.

Андай айтылгандай, аталган борбордо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий илимий программасынын алкагында «Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек» аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт.

«Улуу тоолор баяны» аттуу чакырыктын негизинде 16 скульптуралык композиция жана 7 кум скульптура музей босогосуна орнотулду. 

Министрлер Кабинетинин төрагасы ошондой эле Чолпон-Атадагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин “Газпром” имаратынын даярдыгы менен таанышып,  Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда (Ипподром) курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. 

Ал ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн арена куруу долбоору менен да таанышып, Чолпон-Ата Nomad этно-комплексинин абалын көрүп чыкты.

Ошондой эл Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн текшерди. Этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндамалар берилди.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты