​Алина Шаикова УКМК башчысы Догоев экөөнө “таарынганын” чечмеледи

  • 5 лет мурун

Социалдык түйүндөрдө паспорт тендерине байланыштуу чырга жана айыптоолорго Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Идрис Кадыркуловдун Каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаиковага жана Президенттин кеңешчиси Дастан Догоевге таарынычы себеп болушу мүмкүн деген маалымат тараган.

ЖМКга Алина Шаикова ал тууралуу айтып берди.

Өткөн жылдын аяк ченинде Идрис Кадыркулов Дастан Догоев экөөнү “Фрунзе” ресторанына чакырганын, ал жакта аларды документтин бланк — кагаздарын даярдай турган эки бизнесмен менен тааныштырганын билдирди.

Догоев экөө жооп катары бланк кагаздарын сатып алуу боюнча тендер жүрүп жатканын жана башка документтер, жабдыктар боюнча да маселе жок, бул компания менен иштешүүнүн зарылдыгы жок экенине басым жасашкан.

“Биз бланктарды алуу боюнча тендер процесси жүрүп жатканын, Каттоо кызматынын жабдуу алууга да зарылдыгы жок экенин, донорлор тарабынан бланктарды персоналаштыруу боюнча эки комплект алынганын билдирдик. Ал эми башка документтерди басып чыгаруу боюнча “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзам долбоорунда 51 % үлүшү бар ишканаларга аларды тендерсиз аткаруу мүмкүнчүлүгү берилген ченем каралганын айттык. Башкача айтканда бул компания менен иштешүүгө эч кандай негиз болбой жатканын кыйыттык” деди Алина Шаикова.

Паспорт бланкы боюнча тендерде латвиялык Garsu Pasauls жеңүүчү деп табылган.

Ошол тендерге байланыштуу Каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Руслан Сарыбаев, статс-секретарь Данияр Бакчиев, “Инфоком” директору Талант Абдуллаев кармалган.

Аларга Кылмыш -жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК азыркы жана мурунку бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган.

Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар киши катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган.

8-майда Дастан Догоев кармалган. Ал эми Руслан Сарыбаев менен Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Чырдан улам Алина Шаикова Каттоо кызматынын башчылыгынан бошотулган.

Каттоо кызматы «Гарсу Пасаулс» компаниясы менен келишим түзүлгөн эмес деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты