Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери паспорт бланкы боюнча тендерде мыйзам бузгандыгы аныкталды

  • 5 лет мурун

Биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) кызматкерлери өз пайдасы үчүн мыйзамдарды бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

— Сынакка катышкан компаниялардын бири тендерди утуп алган ишкана сунуш кылган суммадан 253 млн. сомго арзан баа сунуш кылганына карабай, «тендердик документтери шайкеш келбейт» деген шылтоо менен сынактан четтетилген.

Мамкаттоонун мурдагы жана азыркы иштеп жаткан айрым жетекчилери тендерден утуп алган компаниянын өкүлдөрү менен байланышта болуп, алардын эсебинен бир нече жолу чет өлкөгө барып келишкен.

Бул иш 2019-жылдын 22-февралында Баш прокуратура тарабынан Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Анда Каттоо кызматынын кызматкерлери биометриялык паспорттор үчүн бланк сатып алуудагы конкурста мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

УКМКда Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Маалыматтар боюнча УКМК азыркы жана мурунку бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптап жатат.

Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар киши катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган.

Алардын арасында Мамкаттоо башчысы Алина Шаикова, анын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Айнура Туйбаева, статс-катчы Данияр Бакчиев, Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана КЛООП басылмасынын журналисти Анна Капушенко бар.

Сот бул адамдардын жана алардын жакын туугандарынын үйүн тинтүүгө жана тиешелүү далилдерди алууга уруксат бергени кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты