Мамлекеттик каттоо кызматы: «Гарсу пасаулис» менен келишим түзүлгөн жок»

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик каттоо кызматы тараткан маалыматка караганда, биометрикалык паспорттун бланктарын даярдоо боюнча тендер 2018-жылы 23-октябрда жарыяланган. Дээрлик бир айдан кийин, 19-ноябрда тендерге келген арыздар ачылып, анын ичинен беш ишкана тандалып алынган:


Мамлекеттик каттоо кызматы:  "Гарсу пасаулис" менен келишим түзүлгөн жок"

Алгачкы тандоодо «Veridos», «Muhlbauer» ишканаларынын жана «Банкнот фабрикасынын» арыздары талапка жооп бербейт деген жүйө менен сынактан чыгарылган.

Ал эми 2019-жылдыг 11-январында тендерлик комиссия литвалык «Гарсу пасаулис» инканасын жеңүүчү деп таап, франциялык ILEMIA France SAS ишканасына экинчи орунду берген.

Мамкаттоо белгилегендей, «Muhlbauer» жана IDEMIA ишканаларынын арызын иликтеген мекеме аралык комиссиянын тыянагы боюнча тендерде мыйзам бузуу аныкталган эмес, арыздар негизсиз деп табылган.

Бул кампаниялардын арыз мөөнөтү 2-апрелде аяктады. Азырынча жеңүүчү менен келишим түзүлө элек. «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө мыйзамдын негизинде мөөнөт бүткөнүнө жана келишим жоктугуна байланыштуу тендер өткөн жок.

Жаңы муундагы биометрикалык паспорттун бланктары даярдалган жок. «Гарсу пасаулис» менен келишим түзүлгөн жок. Бюджеттен бул ишканага эч кандай акы төлөнгөн жок. Демек, экономикалык зыян да жок» деп айтвлат маалыматта.

16-апрелде башкы көзөмөл органы паспортко бланктарды даярдоо боюнча мыйзам бузуудан мамлекет 253 млн. 377 миң сом зыян тартканын маалымдаган.

Бул арада Бишкектин Биринчи Май райондук соту паспорт чырына шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаевди, статс-катчы Данияр Бакчиевди жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаевди эки айга камоо чечимин чыгарды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты