№13 округдан Мамытов, Алтынбеков, Карабекова депутат катары ант беришти

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 18-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында №13 округдан шайланып келген Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова ант берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2026-жылы 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча №13 округ боюнча арызды карап, аталган округда 2025-жылдын 3-декабрындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин артка кайтаруу чечимин кабыл алды.

Ошону менен бул участокто кайра шайлоо болбой калды. №13 округдагы шайлоо өттү деп эсептелип, Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова жеңүүчү болуп табылды.

№13 шайлоо округу боюнча алдын ала маалыматта Бактыбек Сыдыков, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова өттү деп берилген.

БШКнын маалыматы боюнча, №13 округ боюнча талапкерлер Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. Алар Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын добушканаларга телефон орноткону негиз болгонун, калгандары мыйзам бузууга барбаганын билдиришкен.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө бөлүмүнүн башчысы Аллаберди Мавлянов Бактыбек Сыдыковдун тарапташтарынын мыйзамсыз аракети тастыкталганын айтты. Бул боюнча эки жаранга кылмыш-жаза кодексинин 195-беренеси (“Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.

БШК № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 2026-жылдын 1-мартына, жекшемби күнгө дайындаган болчу. 25 талапкер катталган. 9-февралда үгүт иштери жүрүп жаткан.

2025-жылы 3-декабрда БШК парламенттик шайлоодо №13 шайлоо участогундагы добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Сүрөттө: Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков, Айгүл Карабекова. БШК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты