Ош аймагынын юристтери Интернет колдонуучулардын укуктарын изилдеп жатышат

  • 3 года мурун

15 жана андан жогорку жаштагы кыргызстандыктардын 63% га жакыны Интернет колдонуучулар. Ош аймагынын юристтери алардын укуктарын изилдеп жатышат.

Кыргызстандын юридикалык коомчулугу «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен юристтер, студенттер жана жеке маалыматтар менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү үчүн «Кыргыз Республикасынын санариптик мыйзамдарын практикалык колдонуу» темасына арналган тренингди 23-июлда Ош шаарында, Райан-Отелинин конференц-залында өткөрдү.

Тренингдин негизги максаты — күнүмдүк жашоодо санариптик укуктар маселесин ачыктап терең изилдөө. Катышуучулар үчүн лекциялар жана интерактивдүү көнүгүүлөр даярдалды.

«15 жана андан жогорку жаштагы кыргызстандыктардын 63% га жакыны Интернеттин колдонуучулары. Алардын санарип мейкиндигиндеги аракеттери буга чейин иштеп жаткан мыйзамдар менен жөнгө салынган. «Кесиптик коомчулукка жарандардын санарип укуктарын жана аларды коргоону изилдөө үчүн кошумча билим берүү иш-чаралары керек» дейт Кыргызстандын юридикалык коомчулугунун башчысы А.Мергенбаева.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты