​Орхан Инандынын жубайы күйөөсүн Кыргызстандагы Түркия элчилигинде кармап турушат деп эсептейт

  • 3 года мурун

Бир канча күндөн бери изделип жаткан “Сапат” билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инандыны Кыргызстандагы Түркиянын элчилигинде кармап турушат деген маалымат алганын анын жубайы Рейхан Инанды айтып чыкты.

Бул тууралуу анын жубайы Рейхан Инанды өзү билдирди.

“Биз окутуучу Орхан Инандыны 31-майдан бери таппай жатабыз. Мага жеткен маалыматтарга караганда, бүгүн-эртең Орхан Инандыны Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз жазууга мажбурлашат. Андан кийин аны Кыргызстандан алып чыгып кетишет. Бул жалган маалымат деп ишенбей койсом деле болмок, бирок дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн Түркияга Себат системасынын мугалимдерин ушундай жол менен алып келген учурлар аз эмес” деп билдирди Рейхан Инанды.

Ал Президент Садыр Жапаровго Кыргызстандын жараны болгон Орхан Инандыны коргоп калуу үчүн дагы бир ирет кайрылды.

Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү жоголгон. Азыркыга чейин эч кандай маалымат жок. Укук коргоо органдарында анын дайынсыз жоголгону боюнча версиялар дагы жок.

«Сапат» билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандынын катылган жери жөнүндө маалымат үчүн 1 миллион доллар төлөп берерин айтышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты