​Орхан Инандыны таап бергендерге 1 миллион доллар убадаланды

Жаңылыктар

1 – июнга караган түнү белгисиз бирөөлөр тарабынан уурдалган “Сапат” эл аралык билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инандыны издөө иштери уланууда.


“Сапатта” иштеген, окуган, бүтүргөн жарандар 4 күндөн бери аны аман-эсен табууну бийликтен талап кылып, митинг өткөрүшүүдө.


Бүгүн, 4 – июнда дагы анын тарапташтары эски аянтка митингке чыгышты.

Митингте "Сапат" билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандынын катылган жери жөнүндө маалымат үчүн 1 миллион доллар төлөп берерин айтышты.


«Төртүнчү күн ал тууралуу эч маалымат жок. Кайдыгер карабаган жарандарга, Президент Садыр Жапаровго кайрылабыз. Биз үчүн ар бир маалымат маанилүү”, - дейт митингчилер.


Эскерте кетсек, Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү жоголгон. Азыркыга чейин эч кандай маалымат жок. Укук коргоо органдарында анын дайынсыз жоголгону боюнча версиялар дагы жок.


Фото интернеттен алынды