​УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга жөнөдү

  • 3 года мурун

4 – июнга караган түнү Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турганын Чек ара кызматы кабарлаган. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн УКМК башчысы Камчыбек Ташиев тийиштүү кызматкерлерди алып, Чоң-Алай районун көздөй чыгып кетти.


УКМК башчысы менен кошо Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдулат Мырзаевдер кетишти.

УКМКнын Чек ара кызматы бүгүн түнү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагына Тажикстан контейнер орнотуп, аскердик техникаларын тарта баштаганын кабарлаган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты