​Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалып турат

  • 3 года мурун

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагына Тажикстан контейнер орнотуп, аскердик техникаларын тарта баштады.


УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы:

«Тажик тарап кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын буга чейин жетишилген баардык келишимдерин бузуп, 4-июнда саат 03:00 чамасында Кыргыз Республикасынын аймагына 1000 метрге чейин кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагына контейнер орнотуп баштады. Кыргыз тарап абалды жөнгө салуу үчүн күч-аракетин жумшап, Тажикстандын расмий өкүлдөрүнө кайрылууда. Бирок Тажикстандын расмий адамдары телефон чалууларга жооп бербей жатат», — деп билдирди.

Ошондой эле тажик тараптын аскердик техникалары жана аскерлеринин топтолушу байкалууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматы жаңжалдын күчөп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп, күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө.

Мындан 15 күн мурун Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч эмес экенин айтып, «Жергиликтүү эл Тажикстан тарап окоп казышууда» — деп кооптонуп телефон чалып жатышат. Азыр Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду, Чек ара кызматынын башчысын чакырып маалымат укпайлыбы”, —деген.

Тезинен чара көрүлбөсө, Баткенден да жаман болоорун, тажиктер Сары-Таш, Гүлчөгө чейин бастырып келишээрин айткан Аккулу Бердиевдин мындай билдирүүсүнө УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадагы ар кандай окуяларга даяр жана ыкчам аракет көргөнгө жетиштүү күчкө ээ экенин, чек арадагы абалды курчуткан билдирүүлөрдү таратуу, айрыкча чек арадагы абал турукташып келаткан мезгилде жол берилгис экенин депутатка эскерткен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты