​Сот «Кумтөрдөн» 261,7 млрд. сом өндүрүү чечимин чыгарды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 2021-жылдын 7-майында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд. сом өндүрүү чечимин чыгарды.


Бул маалыматты «КГК» тастыктады.

Соттун мындай чечими кенден чыккан калдыктарды «Кумтөр» көптөгөн жылдар бою «Давыдов» жана «Лысый» мөңгүлөрүндө сактап, Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамдарын бузуп келгендиги менен байланыштуу болгон.

«Кумтөр» компаниясынын өкүлдөрү соттун бул чечимине мыйзам чегинде даттана тургандыгын билдирген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты