​Мөңгүлөрдүн талкаланышы боюнча Сариев менен Кутманованын эки башка эсеби

  • 3 года мурун

Бүгүн парламентте «Кумтөр Оперейтинг Компании» ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету талкууланууда.


Комиссия төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнүн үстүнө 1995 – жылдан 2015 –жылга чейин 1 млрд тоннадан ашык иштетилген калдык, топурак төгүлгөнүн ошол кездеги Экономика министри Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссия ырастап, туура деп тыянак чыгарган. Бирок жаратылышка келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоодо эки башка сан чыккан. Көз карандысыз эксперт Динара Кутманова жаратылышыбызга 5,4 млрд доллар чыгым келтирилген десе, Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссия болгону 141 миллион доллар чыгым келгенин эсептеп чыккан.

Динара Кутманова учурда Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты