​Биринчи Конституция 28 жыл мурда кабыл алынган

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.


— Демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 28 жыл мурун, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Бул күн ушул чакта дагы өлкөбүздүн тарыхы үчүн өзгөчө символикалык мааниге ээ.

Эгемендүүлүк жылдарында биздин Баш мыйзамыбызга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, жаңы редакциялар кабыл алынган.

Мындай маанилүү күндө — 5-майда референдумдун расмий жыйынтыгына ылайык, „Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол коюлганы турат.

Жаңы Конституция биздин өлкө үчүн актуалдуу болуп турган чакырыктарды эске алуу менен жазылды. Анда биз эл катары аздектеген баалуулуктарыбыз менен коом катары умтулуп жаткан идеалдарыбыз чагылдырылган.

Баш мыйзамыбыз элибиздин кызыкчылыгына ийгиликтүү кызмат кылып, Кыргызстандын мындан аркы натыйжалуу өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп бекем ишенем, -деп айтылат куттуктоодо.

БШК 11-апрелдеги «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча референдумдун натыйжаларын аныктады. Конституция долбоорун референдум катышуучуларынын 79,32%ы колдоду деп билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты