БШК: Конституция референдум аркылуу кабыл алынды деп эсептелди

  • 3 года мурун

БШК 11-апрелдеги «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча референдумдун натыйжаларын аныктады. Конституция долбоорун референдум катышуучуларынын 79,32%ы колдоду деп билдирди.


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүдөй токтом кылды:

— «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын кабыл алуу боюнча 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдум болуп өттү деп таанылсын.

2021-жылдын 19-мартында «Эркин-Тоо» газетасынын 21-22-сандарына жарыяланган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдум менен кабыл алынды деп таанылсын.

Референдумдун натыйжалары тууралуу БШКнын протоколуна ылайык:

  • референдумдун катышуучуларынын тизмелерине киргизилген жарандардын жалпы саны – 3 606 201 референдумдун катышуучусу;
  • добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны – 1 322 124 же референдумдун катышуучуларынын тизмелерине киргизилген жарандардын жалпы санынын 36,66%ы.
  • коюлган суроого “макул” деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны – 1 048 660 жаран же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 79,32%ы.
  • коюлган суроого “каршы” деп жооп берген референдумдун катышуучуларынын саны – 181370 же добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын 13,72%ы.

11-апрелде Конституция долбоорун кабыл алуу боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты