ИИМ: Баткен облусунда абал туруктуу

  • 3 года мурун

1-майга карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.


Бул тууралуу КР ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

-Чек арага чектеш аймактар толук көзөмөлдө. Түнкүсүн ок атышуулар катталган жок. Милиция кызматкерлери тарабынан блокпосттор коюлуп, чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында кырдаал турукташты. Жергиликтүү элдик коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшүүдө, -деп айтылат маалыматта.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү. Соңку маалыматка караганда,каза болгондордун саны 31ге жетти. Кыргыз-тажик чек арасында ар кандай жаракат алган 154 адам — ооруканада. Алардын 23ү — күч структураларынын аскерлери.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты