​Өзгөндөгү митингчилер бийликке 28-апрелге чейин убакыт беришти

  • 3 года мурун

«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жана анын айланасындагы жерлер Кыргызстанда калышын талап кылган Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары 20-апрелден бери митинг кылышууда.

Кыргыз-өзбек чек ара тилкелерин тактоо боюнча жаңы протоколго ылайык «Кемпир-Абад» суу сактагычы жана жанындагы 50 гектар жер тилкеси Өзбекстанга өтмөк. Бул чечимге караманча каршы болгон аталган айылдын тургундары 4 боз үй тигип, мөөнөтсүз митингди башташкан.

Жергиликтүү бийлик эч нерсе чечпейт деген алар УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин, ЖК депутаттарынын келишин талап кылып, 28-апрелге чейин убакыт беришти.

Дал ушундай талап менен өткөн жумада Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары дагы митингке чыгышып, алар менен 19-апрелде УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жолугуп кеткен. Алар «Кемпир-Абаддын» жанындагы 50 гектар жер Кыргызстанда калсын деген талапты коюшкан. Камчыбек Ташиев элдин сөзүн угуп, маанайын көрүп, 50 гектар эмес, 20 гектар жерди берүү боюнча Ташкент менен кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылаарын убада кылган.

Сүрөт «Азаттыктан» алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты