​Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо үчүн Ташиев кайрадан Ташкентке бараарын айтты

  • 3 года мурун

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иш-аракеттеринин жүрүшүндө Кемпир — Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер коңшу мамлекетке өтөөрү айтылган. Мындай чечимге нааразы болгон жергиликтүү эле 17-апрель мөөнөтсүз митинге чыгышып, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин өзү келип, элге түшүндүрүп берүүсүн талап кылышкан.19-апрель күнү Камчыбек Ташиев Карасуу районунун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

«Мен жетектеген комиссия Өзбекстан Республикасына барып, эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүп келдик. Бул протоколду бузбашыбыз керек, бул протоколду аягына чейин чыгарышыбыз керек, бул — элге эң пайдалуу протокол болду» деди.

«Бул жактагы 50 гектардын айынан Кыргызстандын Өзбекстан менен болгон башка талаштуу аймактарында келишилген, элдин көп жылдап күткөн бул келишим текке кетпесин» деген Камчыбек Ташиевдин айткандарына карасуулуктар макул болгон жок. Акырында Камчыбек Ташиев кайрадан Ташкентке барып, бул маселени кайра көтөрүп, башка өзбек тарапка жолдорун сунуштап көрөөрүн убада кылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты