Өзгөндө «Кемпир-Абадды» бербейбиз!» — деп мөөнөтсүз митинг башташты

  • 3 года мурун

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо үчүн эки өлкөнүн жер тилкелерин
алмаштыруу тууралуу протоколго ылайык «Кемир-Абад» суу сактагычы жана анын
айланасындагы 50 гектар жер Өзбекстанга өтмөк. Мындай чечимге нааразы болгон
жергиликтүү калк ар кандай акция, митингдерди уюштурууда.

22-апрелден баштап Өзгөн районунун Кызыл – Октябрь айылынын
тургундары 3 боз үй тигип, мөөнөтсүз митингке чыгышты. Өкмөттүн Ош облусундагы
ыйыгарым укуктуу өкүлчүлүгү бул маалыматты тастыктап, «жергиликтүү эл «Кемпир
-Абад» суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болушууда» — деп
билдирген.

Буга чейин ушундай эле нааразычылыгын айтып, Кара-Суу районунун
Савай айыл өкмөтүнүн жашоочулары да митингке чыгышып, 19 – апрелде алар менен
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп кеткен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты