​«Кемпир-Абаддын» жанындагы 50 гектар жер боюнча Өзгөндө да акция уюштурушту

  • 3 года мурун

«Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы болгон Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары 21-апрелде нааразычылыгын билдирип чыгышты.

Алар Өзбекстан менен жерлерди алмаштыруу тууралуу протколду жокко чыгарууну талап кылып:

«Бул жерлер берилбеши керек. Азыркы протоколуңуздар жоюлсун, жокко чыгарылсын. Камчыбек Ташиев биз сизден суранабыз жана талап кылабыз» – дегенин «Азаттык» кабарлады.

Буга чейин 17-апрель күнү «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанында жайгашкан Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн тургундары дагы нааразычылык акциясын уюштуруп, 19-апрелде алар менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жолуккан.

К. Ташиевдин «Мен жетектеген комиссия Өзбекстан Республикасына барып, эң ыңгайлуу, эң пайдалуу келишим түзүп келдик. Бул протоколду бузбашыбыз керек, бул протоколду аягына чейин чыгарышыбыз керек, бул — элге эң пайдалуу протокол болду»- дегенине карабай карасуулуктар 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине караманча каршы болушкан.

Акырынды Ташиев Ташкентке барып, 50 гектар жерди 20га чейин азайтып, өзбек тарап менен кайра сүйлөшүп келээрин айткан.

Фото «Азаттыктан» алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты