​Бишкек мэриясы менен шаардык кеңештин депутаттары 43 миллион сомду жеке кызыкчылыктарына колдонушкан

  • 3 года мурун

2020-жылы парламенттик шайлоонун алдында Бишкек мэриясы менен шаардык кенеш мыйзамсыз токтом кабыл алып, шаардык бюджеттеги 43 миллион сомду шайлоонун үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарына колдонушкан деген шек менен УКМК кылмыш ишин козгоду.

«Бишкек шаарындагы жарандык демилгелердин долбоорун ишке ашыруунун тартиби жөнүндөгү Убактылуу жобону бекитүү» деп аталган токтомду 8-июнда кабыл алышкан. Токтомдогу жарандык долбоорлор шаардык кеңештегилердин жана мэриядагы жооптуу чиновниктердин гана жеке кызыкчылыгына багытталган жана 43 миллион сомду мыйзамсыз жок кылышкан. Учурда тийиштүү оперативдик – тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө» — дейт УКМКнын маалымат кызматы.

Ал кездеги Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров «Эмгек» партиясы менен кайра шайланып келсе, шаар мэри Азиз Суракматов НДПК партиясынын негизги демөөрчүсү экени белгилүү.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты