ИИМдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери жана башка адамдар кармалды (Видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин коррупциялык схемасын аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

19-февралда  УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана акча каражаттарын алуу фактысы боюнча Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери К.К.А., Н.А.О., ошондой эле автомектептин директору И.М.К. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерелеринин  автотранспорт каражаттарына газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын тариздөөдө жарандардан мыйзамсыз акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү такталды.

Аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ИИМдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери жана башка адамдар кармалды (Видео)
ИИМдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери жана башка адамдар кармалды (Видео)
ИИМдин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери жана башка адамдар кармалды (Видео)

Сүрөтттөр жана видео: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты