Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун  активдүү мүчөсү кармалды

19-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан  “А” атайын кызматынын  кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын балансында турган жайыт жерлерин жана айрым социалдык объектилерди мыйзамсыз сатууга тиешеси бар  облустун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү “Бойко” каймана аты менен белгилүү болгон А.А.А. жеке материалдык пайда алуу максатында , ошондой эле башка кылмыштуу максаттарды көздөп, жогоруда аталган  айыл өкмөтүнүн, «Кадастр” мамлекеттик мекемесинин  жана архитектуранын айрым кызмат адамдары менен тил табышып, алар Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагындагы 8414 гектар жайыттын 500 гектарга жакынын сатып жиберишкен. Белгиленген участоктор 10 миң АКШ долларына жана андан жогору баага сатылып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. 

 Ошол эле учурда, аффилирленген жактарга жайыт участоктору таризделгени, алар кийин башка адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга кайра сатылганы такталган. Жыйынтыгында түшкөн акча каражаттары жогоруда аталган жактар тарабынан турак жай жана турак жай эмес жайларды курууга, ар кандай коммерциялык иштерге, ишкердик субъекттерин ачууга же сатып алууга салуу жолу менен легалдаштырылган.

Кармалгандар УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.  

Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун  активдүү мүчөсү кармалды
Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун  активдүү мүчөсү кармалды
Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун  активдүү мүчөсү кармалды

Ош облусунда тергөө абагында кармалып турган “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов Бишкекке которулган. Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны УКМК 2021-жылдын февраль айында кармаган.

Сүрөттөр жана видео: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты