Коррупция беренесинен эскирүү мөөнөтү алынып салынды

  • 2 месяца мурун

Кыргызстанда кылмыш-жаза кодексине, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелерине өзгөртүү киргизилип, кылмыштардын эскирүү мөөнөтү алып салынды.

Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы кабарлады.

Эскирүү мөөнөтү колдонулбаган кылмыштардын тизмеси өзгөртүлүп, толукталды. Башкача айтканда, кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айыпталгандарга кылмыш мөөнөтү эскирбейт:

– 209-берененин 3, 4-бөлүктөрү (“Уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызмат абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык”)

– 210-берененин 3, 4-бөлүктөрү (“Уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызмат абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”);

– 215-берененин 3-бөлүгү (“адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”);

– 336-беренеси менен (“Коррупция”).

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесине “материалдык зыяндын ордун толуктабаса, кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыш иш токтотулбайт” деген өзгөртүү киргизилди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылы 28-декабрда кабыл алган. Кыргызстандын толук мыйзамдарына ылайык, айрым кылмыштардын мөөнөтү өтүп кетсе, айыпталууга жаза колдонулбайт, камакка алынбайт. Айрым учурда кылмыш иши токтотулат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты