Профсоюздар федерациясы жеке менчикке берген тарыхый-маданий мурас объектиси жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК)  Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү 0,25 га жер тилкесин жана республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон эки кабаттуу имаратты жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысын аныктады.

Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай,  1992-жылы Москва шаарынын жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешине Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги гимнастика боюнча имарат берилген.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси Л.В.И. коррупциялык схеманы жеке кызыкчылыгы үчүн уюштурганы, анын жардамы менен жогоруда аталган кыймылсыз мүлктөр федерациянын ээлигинен мыйзамсыз чыгарылып, белгиленген тартипти бузуу менен жеке компания тарабынан менчиктештирилгени такталган.

Белгиленген жер участогу жана имарат муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди. Мүлктүн жалпы наркы 196 млн 302 миң сомду түзөт.

 Бул иш боюнча тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты