Лейлек районунда билим берүү мекемесинин жер участогун мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

  • 4 недели мурун

Раззаков шаардык мэриясынын жана Сүлүктү-Лейлек шаардык «Кадастр» МИ филиалынын кызмат адамдары тарабынан Лейлек райондук билим берүү мекемесинин балансында турган жер участогун мыйзамсыз сатуу фактысын аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.   

Маалыматта айтылгандай, Раззаков шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын балансындагы 140 чарчы метр жер тилкеси түз сатуу-сатып алуу келишимин түзүү жолу менен Раззаков шаарынын тургунуна 40 миң сомго мыйзамсыз сатылып кеткен.

«Эксперт Групп» ЖЧКсынын көз карандысыз экспертинин корутундусуна ылайык, аталган жер тилкесинин иш жүзүндөгү баасы аны сатуу учурунда 1 миллион 200 миң сомдон ашык болгон.

Раззаков шаарынын вице-мэри Я.М, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Лейлек району боюнча бөлүмүнүн адиси Б.А. жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы К.Ж. кармалып, Баткен облустук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарына карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Лейлек районунда билим берүү мекемесинин жер участогун мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды
Лейлек районунда билим берүү мекемесинин жер участогун мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Сүрөттө: Кармалгандар. УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты