​Сузакта кыз ала качууга шектелгендердин тек-жайы такталууда

  • 3 года мурун

12-апрелде кечки саат 21:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында кыз ала качуу фактысы катталды.

Аталган маалымат Сузак райондук милиция бөлүмүнө түшкөн соң, тартип сакчылары тарабынан кыз ала качкандар район аймагынан кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Милициянын билдирүүсүнө ылайык, ала качууга туш болгон кыз аман-эсен ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Кыз ала качууга шек саналган адамдардын тек-жайы такталууда.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жыл башынан бери ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты