Сузак районунда тергөө жайы ачылды  

  • 4 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Сузак районундагы № 53 тергөө изоляторунун жаңы имаратынын ачылышына катышты.

“Ушул биз ачып жаткан № 53 тергөө изоляторун чыгардык. Абакты Базар-Коргон районуна көчүрүп жатабыз.  Буга чейин бул изолятордо аялдар менен жашы жете элек балдар кармалып келген. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын талаптарына ылайык калктын аярлуу катмары болгон аялдар жана жашы жете элек балдарды кармоо үчүн тиешелүү шарт болгон эмес”деди ал.

№53 тергөө изоляторунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 364 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн .

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Министрлер Кабинетинин башчысы өлкө боюнча капиталдык салымдарга 2 жарым жылда 49,7 млрд сом бөлүнгөнүн, анын ичинен 2023-жылга эле 26 млрд сом берилгенин белгиледи

Ошондой эле, Министрлер кабинетинин башчысы жаза аткаруу кызматынын № 10 түзөтүү мекемеси жана кайтаруу, күзөтүү департаментинин № 5 батальону мекемесинин имараттарын бузуу иштери менен таанышты. Жалал-Абад шаарынын ичинде жайгашкан бул абак сыртка чыгарылып, анын ордуна административдик имараттар жана сквер курулат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты