​Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмдөө боюнча эки башка билдирүүсү

5-апрель күнү, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Фейсбуктагы баракчасында коронавирус менен ооруп айыккандарды ар кандай божомолдорго ишенбей, эмдөөдөн өтүүгө чакырган билдирүү жарыяланган.

Маалыматта, коронавирус менен ооруп айыккандан кийин пайда болгон иммунитеттин канча убакка созулаары тууралуу так далил жок болгондуктан, эмдөөнүн организмге оң таасири бар экени жана иммунитетти күчөтүүгө жардам берээри жазылган.

ПолитКлиника медиасы Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмдөө боюнча айткан эки башка сөзүн анализдеп көрдү.

“Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина сайдырбайт. Анткени ал ооруп айыккан”

25-март күнү, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты cактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik.kg маалымат агенттигине берген маегинде, Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөө албай турганын билдирген. Министр анын себебин, өлкө башчы буга чейин коронавирус илдети менен ооруп айыккандыктан, организминде 9 жана 9,5 өлчөмүндөгү антитело иштелип чыккандыгы менен байланыштырган.


“Чындыгында, анын эмдөөдөн өтүүсүнүн кажети жок, анткени организмдин реакциясы болот. Президент антителолорду иштеп чыккан. Мен бул жөнүндө Саламаттыкты сактоо министри жана дарыгер катары айтып жатам «, — деп билдирген Алымкадыр Бейшеналиев.

Ал эми президент Садыр Жапаров, 21-октябрда Би-Би-Си Кыргыз маалымат агенттигине берген интервьюсунда абакта жаткан мезгилинде коронавирус менен ооруп айыкканын айткан.

Мындан сырткары, 1-апрелде Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов да, коронавирус менен ооруп айыккандыктан эмдөө албай турганын билдирген. Бул коомчулуктун арасында кызуу талкуу жараткан.

Белгилей кетсек, коронавирус менен ооруп айыккандан кийин организмде пайда болгон антитело 8 айга чейин сакталаары далилденген.

ДССУ: “Коронавирус менен мурда ооруп айыккандарды да эмдөөдөн өтүүсү сунушталат”

Бүткүл Дүйнөлүк Саламатыкты сактоо уюмунун башчысынын орун басары Сумия Сваминатан, эгерде кээ бирлери мурда COVID-19 оорусу менен жана бул инфекцияга каршы кандайдыр бир иммунитетке ээ болсо, анда эмдөө ошол коргоону күчөтөт. Ошондуктан, бардык адамдардын эмдөөдөн өтүүсүн сунуштайбыз деп билдирген.

“COVID-19 жуктургандардын басымдуу көпчүлүгү бул илдетке каршы иммунитетке ээ, бирок көпчүлүгү ооруну жеңил формада өткөргөндүктөн, организмди коргоо үчүн жетиштүү антителолор иштелип чыкпай калышы мүмкүн. Мындан сырткары, бул оорунун канчага созулаары тууралуу жетиштүү маалыматыбыз жок, ошондуктан коопсуздук үчүн бардык жарандарды эмдөөдөн өтүүсүн сунуштайбыз”, — деп билдирген.

Бул маалыматты, Кытайдагы Пекин Медициналык Институтунун жүргүзгөн изилдөөлөрү тастыктаган. Анда, изилдөөчүлөр коронавирустун очогу деп эсептелген Кытайдын Ухань шаарында Covid-19дан жабыркаган 9500 кишинин канын изилдешкен. Үч жолу алынган кан изилденип бүткөндөн кийин, окумуштуулар ооруга чалдыккандардын 80%дан ашыгы илдетти симптомсуз өткөргөнүн жана алардын жалпы ооругандардын 40%да гана нормалдуу өлчөмдө антитело иштелип чыкканын байкашкан. Калган 60% адамда өтө аз өлчөмдө же таптакыр вируска каршы иммунитет пайда болгон эмес.

Белгилей кетсек, 6-апрель күнү өлкөдө коронавирус илдети менен ооругандардын саны өсүп жаткандыктан Бишкек шаары “кызыл” зонага киргизилген. Ал эми коронавируска каршы эмдөө эмдөө Кытай Эл Республикасы тарабынан берилген Sinopharm вакцинасы менен жүргүзүлүүдө.

Жыйынтык: Саламаттыкты сактоо министрлигинин биринчи жана экинчи билдирүүсү бири-биринен айырмаланат. Анткени, алгачкы билдирүүдө коронавирус менен айыккандар эмдөө албай койсо болот деп айтылса, экинчи билдирүүдө эмдөө алуу керектиги тууралуу жазылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты