“Кыргызстандыктардын 97% мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ишенбейт” деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

Кечээ, 21-декабрда, Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу жана Орхан Инандыга Кыргызстандын жарандыгын берүүнү териштирген кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлдү.

Мындан улам социалдык тармактын колдонуучулары арасында бул чечимге нааразы болгондор ар түрдүү билдирүүлөрдү калтырып жатышат. 

Рахима Эрназарова аттуу “Фейсбук” колдонуучусу “Атамбаев эркиндикке чыга турган болсо, соттор азыркы бийликке түкүрүп, бир ууч трайбалисттердин чырагына май тамызып берет” деген пикирин калтырган. Ал билдирүүсүнө “Кыргызстандыктардын 97% экс-президент Алмазбек Атамбаевге ишенбейт” деген жазуусу бар сүрөттү кошо тиркеген. Анда маалымат булагы катары Эл аралык республикалык инситуту (IRI) көрсөтүлгөн. 

“ПолитКлиника” медиасы аталган институт жогорудагыдай маалымат менен бөлүшүп, бөлүшпөгөнүн текшерип көрдү.

Эл аралык республикалык инситуту (IRI) 1983-жылы АКШда ачылган. Аталган уюм коммерциялык эмес мүнөздө иш алып барат жана дүйнөнүн отуздан ашуун өлкөсүндө социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. 

Эл аралык республикалык инситутунун (IRI) Кыргызстан жөнүндөгү  эң акыркы изилдөөсү ушул жылдын октябрь айында жарыяланган. Анда социологдор 2021-жылдын 11-сентябрынан 26-сентябрына чейин Кыргызстандын ар кайсы аймагында жашаган, 18 жаштан жогору 1209 жаранын сурамжылап, өлкөдөгү социалдык жана саясий абалга анализ жүргүзүшкөн. 

Сурамжылоонун жыйынтыгында кыргызстандыктарды түйшөлткөн негизги маселе болуп кымбатчылык жана жумушсуздук табылган. 

“Кыргызстандыктардын 97% мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ишенбейт” деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

Мындан сырткары изилдөөдө “Кайсы саясатчыга же коомдук ишмерге көбүрөөк ишенесиз?” деген суроо болгон. Сурамжылоого катышкандардын 35% учурдагы президент Садыр Жапаровго ишенерин айтса, 20% Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге ишеним көрсөтөрүн билдирген. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ишеним артарын айткан жарандардын саны изилдөөгө катышкандардын 3%ын түзгөн. 

“Кыргызстандыктардын 97% мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ишенбейт” деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)
“Кыргызстандыктардын 97% мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ишенбейт” деген маалымат манипуляция (Фактчекинг)

Тактап айтканда, уюм сурамжылоонун катышуучуларына кайсы саясатчыга жана коомдук ишмерге ишеним артпары тууралуу эмес, тескерисинче, көбүрөөк ишенери тууралуу суроо берген. Ал эми жогорудагы сүрөттүн авторунун логикасы менен ала турган болсок, кыргызстандыктардын 65% Садыр Жапаровго ишенбейт деген жыйынтыкка келебиз.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде экс-президент макамынан ажыратылган. Андыктан аны экс-президент деп атоо ката болуп саналат.

Жыйынтык: “Кыргызстандыктардын 97% мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ишенбейт” деген маалымат манипуляция. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты