“Honda Civic белекке унаа берип жатабы? Текшеребиз

Фейсбукта Honda Civic 50 жылдык мааракесине карата унаа белекке бериле турганы тууралуу маалымат тарады. 

“Honda Civic белекке унаа берип жатабы? Текшеребиз

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Фейсбукта Honda Civic деген аталыштагы баракча төмөндөгүдөй билдирүү жазган:

“50 жылдык мааракебизди белгилөө үчүн биз 300 Honda Civic унаасын белекке берүүнү чечтик, алар чийилген жана майда бузулгандыктан сатылбай калган, бардык унаалар жакшы абалда, ошондуктан «Бүттү» деп жазган адамга туш келди жөнөтөбүз”.

Аталган баракча Honda Civic’тин расмий баракчасы эмес экени киргенде эле байкалат. Анткени бул баракчанын расмий тастыктоосу белгиси жок. Ошону менен катар эле баракчанын 26 катталуучусу, 2 посту бар.

Баракчага катталуучулардын бири “Мунун баары Лохотрон. Ишенбегиле, буга жазылба” деген билдирүү калтырып кеткен.

“Honda Civic белекке унаа берип жатабы? Текшеребиз

Фейсбукта Honda Civic’тин верификациядан өткөн, атайын белгиси менен баракчасы бар. Бул баракчага  2 миллион 455 миң 945 аккаунт катталган.

Honda Civic белекке унаа берип жатат деген маалымат калп

Жогорудагы жасалма баракчанын “50 жылдык мааракебизди белгилөө үчүн биз 300 Honda Civic унаасын белекке берүүнү чечтик” деген билдирүүсү 166 жолу бөлүшүлгөн, 320 аккаунттан комментарий жазылган.

Ад эми Honda Civic’тин верификациядан өткөн, атайын белгиси менен баракчасында жана компаниянын расмий сайтында бул тууралуу маалымат жок.

Жыйынтык: Фейсбукта Honda Civic компаниясынын атынан “50 жылдык мааракебизди белгилөө үчүн биз 300 унааны белекке берүүнү чечтик” деп билдирүү таратып жаткан баракча — фейк баракча. Бул билдирүү дагы чындыкка дал келбейт. Шылуундардын торуна илинип калуудан сак болуңуз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты