Малайзия кумарканалардан миллиарддаган киреше таап турганы чындык. Бирок ага байланыштуу көйгөйлөрү да бар (Фактчекинг)

28-март күнү Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Долбоорго ылайык, кумарканаларды  юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.

Аталган мыйзам долбоору сунушталгандан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кумарканалардын ачылышын жактап, Малайзия өлкөсүн мисал катары келтирген. 

«Кумарканаларда кыргызстандыктар ойнобойт. Эгерде бир кыргызстандык кирип ойной турган болсо ошол кумаркананын лицензиясы алынат жана Кыргызстандан чыгарылып кетет.  Малайзияда дагы кумаркана бар. Ал ислам өлкөсү болуп эсептелет. Мен өзүм 2013-жылы Малайзияга барып көрүп келгенмин. Анда Айт убагы болгондуктан ислам динине сыйынгандар барбайт экен. Ошондой эле кумар ойногусу келген туристтерге да шарттар түзүлгөн.”,- деп билдирген Жапаров.

Ал ошондой эле 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн кошумчалаган. 

“ПолитКлиника” медиасы Акылбек Жапаровдун айткандарын текшерип көрдү. 

Кумарканаларды жоюу жана кайра ачуу аракеттери 

“Кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндө” мыйзам 2011-жылдын сентябрынын аягында парламенттин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган. Лицензиясынан ажыратылган мекемелердин тизмесине 25 казино жана 35 оюн залы кирген.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Бакытбек Жетигенов кумар оюндарына жакын адамдардын моралдык жана психикалык абалына казино жана оюн автоматтары “терс” таасирин тийгизерин белгилеген.

Ошол эле учурда бул демилгени Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева да колдоп, казинонун ишмердүүлүгү коомго “жаман” таасирин тийгизип жатканын видеоблогунда билдирген.

Мыйзам кабыл алынган күнү оюн-зоок жайларынын ээлери жана кызматкерлери парламент имаратынын алдына митингге чыгышкан. Долбоордун кабыл алынышына 700дөй адам каршы чыгып, эгер казинолор менен оюн залдары жабылса, “15 миң адам жумушсуз калат” деп айтып чыгышкан. 

Кийинчерээк, 2015-жылдын май айында бул мыйзам букмекердик кеңселерге жана лотереяларга тыюу салуу менен толукталган.

2017-жылдын август айында жарандык активисттер Кыргызстанда тыюу салынганына карабай казинолор ишин токтото электигин билдиришкен. Алар Бишкектин Чүй менен Сүйүмбаев, Абрахманов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде интернет клубдардын белгиси астында жайгашкан жайларда кумар оюндары уюштурулуп жатканын билдиришкен. Ага карабай тиешелүү катуу чаралар көрүлбөгөнү нааразычылык туудурган.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдорун билдирип, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган. Анын себеби катары Кыргызстанга туристтерди тартуу жана экономикалык кызыкчылыктардан улам экени белгиленген. 

  1. “Малайзия мусулман өлкө болгонуна карабай кумарканаларды ачкан”

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей Малайзия мусулман өлкө болсо да кумарканаларды ачып, туристтерге шарттарды түзүп берген. 

Чынында Малайзия калкынын 60%дан ашыгы мусулман динин карманышат. Мындан сырткары, калкынын 20%га жакыны буддизм жана 9%дан ашыгын христиан динин туткандар түзөт. 

Малайзия кумарканалардан миллиарддаган киреше таап турганы чындык. Бирок ага байланыштуу көйгөйлөрү да бар (Фактчекинг)

Малайзияда биринчи казино Гентинг Хайлендде түзүлгөн. Ал 1969-1970-жылдары Малайзиянын  биринчи премьер-министр Тунку Абдул Рахман тарабынан бекитилген. Аталган казиного мусулмандарга жана 21 жашка чейинкилерге кирүүгө тыюу салынган. 

Статистикага ылайык 2013-жылы  Casino de Genting’ден тышкары, башка мыйзамдаштырылган кумар оюндарына Magnum Berhad, Sports Toto жана Damacai сыяктуу жеке лотерея операторлору Малайзиянын бюджетине  2,99 миллиард доллар пайда алып келгени айтылган. 

Малайзиядагы кумарканалар жана кыйынчылыктар 

Малайзия элинин басымдуу бөлүгү мусулман динин кармангандар болгондуктан кумарканаларга байланыштуу маселелер дайыма кызуу талкууга алынып келет. Анткени Малайзиянын контекстинде колдонулган кош укуктук система (шарият жана британиялык жалпы система) анын тургундарынын кумар оюндарына болгон көз карашына уникалдуу таасирин тийгизет. 

Чынында Малайзияда казинонун ошондой эле кумар оюндарынын мыйзамдуу жана мыйзамсыз түрлөрү абдан популярдуу. Алар Малайзиянын бийлиги жана полициясы тарабынан көзөмөлдөнүп жыл сайын “онлайн казино” ойногон адамдар кармалып турат. Анткени Малайзияда башка бир катар мамлекеттер сыяктуу онлайн казино ойноо мыйзамсыз болуп саналат. 

Малайзияда кумар оюндарын ойногондор жана кумарканалар тууралуу изилдөөлөр чектелүү. Ошондой изилдөөлөрдүн биринде 6117 мусулман эмес үй-бүлөнүн кумар оюндарына катышуусу жана кызыгуусу талданган. Окумуштуулар кумар оюндарына кирешесинин көптүгүнө жараша жаштар, кытайлар жана кирешеси жогору адамдар кызыга турганын талдап чыгышкан. 

Башка бир изилдөөдө малайзиялык  122 265 өспүрүм изилденип алардын 30% жакыны 12 айдын ичинде кандайдыр бир кумар оюндарына катышканын аныкташкан. Аларга таасир эткен факторлор катары ата-эненин кумар оюндарына кызыгуусу, коркунучтуу жүрүм-туруму байкалган эркек өспүрүмдөрдө көбүрөөк байкалганын билдиришкен. 

Булардын баары “онлайн кумар” ойноого аралашкан өспүрүмдөр  болгон. Мындан сырткары мусулман динин карманган адамдардын да кумар ойноого катышкан фактылары аныкталган. 

Ошол себептүү Малайзиядагы мусулман лидерлери кумарканаларды ачууга жана иштетүү боюнча каршы пикирлерин айтып келишет. 

Башкача айтканда, дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу Малайзияда да кумар оюндарына байланыштуу көйгөйлөр бар. Бирок ошол эле учурда Малайзия кумар оюндарынан жыл сайын миллиарддаган доллар киреше таап турганы чындык. 

Жыйынтык: Малайзия өлкөсү кумарканалардан жыл сайын миллиарддаган киреше таап турганы чындык. Ошол эле учурда кумарканаларга байланыштуу көйгөйлөрү да бар. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты