​“Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина сайдырбайт” Мурда ооруп айыккандар вакцина албай койсо болобу? (Фактчекинг)

25-март күнү, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты cактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев sputnik.kg маалымат агенттигине берген маегинде, Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөө албай турганын билдирген. Министр анын себебин, өлкө башчы буга чейин коронавирус илдети менен ооруп айыккандыктан, организминде жетиштүү деңгээлде антитело иштелип чыккандыгы менен байланыштырган.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 21-октябрда Би-Би-Си Кыргыз маалымат агенттигине берген интервьюсунда абакта жаткан мезгилинде коронавирус менен ооруп айыкканын айткан.

ПолитКлиника медиасы, коронавирус менен ооруп айыккандардын организминдеги антителолордун канча убакка чейин сакталаары жана эмдөөнүн кажети бар же жоктугун текшерип көрдү.

Covid-19 менен ооруп айыккандан кийин антитело 8 айга чейин сакталат

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө ылайык, антителолор жугуштуу ооруу жуккандан же эмделгенден көп өтпөй, организмдин иммундук системасы тарабынан жасалган белоктор болуп эсептелет.

Антителолор организмдин инфекциялар менен күрөшүүсүнө жардам берет жана ооруну кайрадан жуктуруп алуудан сактайт.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери, изилдөөчүлөр Covid-19 илдетин жуктуруп алган адамдардын организминдеги антителолор канча убакытка чейин сакталаарын билүү үчүн бир катар эксперименттерди жүргүзүшкөн.

Алсак, 8-октябрда Гарвард Медициналык Институтунун жүргүзгөн изилдөөдө коронавирус менен оор жагдайда ооруп айыккан 343 адам изилденген. Экспериментке катышкан адамдардын кан үлгүлөрү алынып, пандемияга чейин алынган 1548 адамдын кан үлгүлөрү менен салыштырылган. Натыйжада изилдөөчүлөр, коронавирус менен 8 күндөн ашуун ооруган адамдардын 50%ынын организминде жетиштүү деңгээлдеги антителолор пайда болгонун тастыкташкан.

Ал эми, симптому жок же Covid-19дун жеңил формасы менен ооругандарда салыштырмалуу азыраак болуп, ал дагы убакыттын өтүшү менен төмөндөгөнү байкалган. Бирок окумуштуулар толук анализ алуу үчүн дагы изилдөө керектигин билдиришкен.

Ал эми, 27-октябрда, Лондон Империал Колледжи тарабынан жарыяланган изилдөөгө ылайык, коронавирус менен ооруп айыккан адамдардын канындагы антителолордун саны убакыттын өтүшү менен төмөндөгөн. 365 миң адам катышкан бул изилдөөдө, антителлолордун эң жогорку көрсөткүчү, Covid-19 илдетинен айыккандан кийики 3-жумада жогорку чекке жеткен. Бирок, 3 айдан кийин, канында коронавирустан коргоочу компоненти бар адамдардын саны 26,5 пайызга кыскарып, кээ бирлеринде таптакыр жоголуп кеткен. Бул көрсөткүч, эң көп 75 жаштан жогорку адамдарда жана коронавирус менен симптому жок ооругандарда кездешкен.

Ушундай эле изилдөө, 5-февральда “Sience” медициналык журналында жарыяланган. Анда изилдөөнү жүргүзгөн Калифорниядагы Иммунология институтунун профессору, Шейн Кроттинин айтымында, коронавирус илдетинен айыккан адамдардын организминдеги антителолор 8 айга чеийн сакталат. Башкача айтканда, коронавирус менен ооруп айыккан адамдарда табийгый жол менен пайда болгон антителолор 3 айдан 8 айга чейин сакталаары тастыкталган.

Ал эми, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы вакцина алгандан кийин адамдын организмде пайда болгон иммунитет канча убакытка чейин созулаары жөнүндө азыр так маалымат жок экенин жана изилдөө иштерин улантуу керектигин билдирген. Ал эми, кээ бир эксперттер, вакцинадан кийин пайда болгон антителолордун 2 жылдан көп убакытка болоорун божомолдошкон. Бирок, бул да адамдардын организминден көз каранды болоору айтылган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда 80 ге жакын мамлекетте коронавируска каршы эмдөө башталды.

ДССУ: “Коронавирус менен мурда ооруп айыккандарды да эмдөөдөн өтүүсүн сунуштайбыз”

Бүткүл Дүйнөлүк Саламатыкты сактоо уюмунун башчысынын орун басары Сумия Сваминатан, эгерде кээ бирлери мурда COVID-19 оорусу менен жана бул инфекцияга каршы кандайдыр бир иммунитетке ээ болсо, анда эмдөө ошол коргоону күчөтөт. Ошондуктан, бардык адамдардын эмдөөдөн өтүүсүн сунуштайбыз деп билдирген.

ДССУнун илимий адиси Сумия Сваминатан эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеген:

“COVID-19 жуктургандардын басымдуу көпчүлүгү бул илдетке каршы иммунитетке ээ, бирок көпчүлүгү ооруну жеңил формада өткөргөндүктөн, организмди коргоо үчүн жетиштүү антителолор иштелип чыкпай калышы мүмкүн. Мындан сырткары, бул оорунун канчага созулаары тууралуу жетиштүү маалыматыбыз жок, ошондуктан коопсуздук үчүн бардык жарандарды эмдөөдөн өтүүсүн сунуштайбыз”, — деп билдирген.

Бул маалыматты, Кытайдагы Пекин Медициналык Институтунун жүргүзгөн изилдөөлөрү тастыктаган. Анда, изилдөөчүлөр коронавирустун очогу деп эсептелген Кытайдын Ухань шаарында Covid-19дан жабыркаган 9500 кишинин канын изилдешкен. Үч жолу алынган кан изилденип бүткөндөн кийин, окумуштуулар ооруга чалдыккандардын 80%дан ашыгы илдетти симптомсуз өткөргөнүн жана алардын жалпы ооругандардын 40%да гана нормалдуу өлчөмдө антитело иштелип чыкканын байкашкан. Калган 60% адамда өтө аз өлчөмдө же таптакыр вируска каршы иммунитет пайда болгон эмес.

Коронавирустан сактанууда, бул илдет менен ооруп айыкканга караганда эмдөөнүн натыйжалуу экени изилденген. Мисалы, Фред Хантингтон Онкология илим изилдөө борборунун Вакциналар жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн америкалык окумуштуулары ооруп, эмделгендердеги SARS-CoV-2ге каршы антителолордун эффективдүүлүгүн салыштырып изилдөө жүргүзүшкөн. Анда эмдөөдөн өткөн адамдардын кан плазмасын колдонуп, алардын коронавирустун жаңы штаммдарына каршы эффективдүүлүгү изилденген. Натыйжада, эмдөө алгандардын канындагы антителонун коронавирустун бир гана түрүнө эмес, жаңы штаммдарына да туруштугу бар экени ортого чыккан.

“Садыр Жапаров: уу коргошун менен коронавирустан айыктым”

21-октябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Би-Би-Си Кыргыз маалымат агенттигине берген интервьюсунда коронавирус илдетинен салттуу даарылоо жолу менен айыкканын айткан. “Уу коргошун” деп аталган өсүмдүк бир гана коронавируска эмес, ашказан рагын ракты дарылоо үчүн да эффективдүү каражат экенин билдирген. Ошондой эле Садыр Жапаров бул методду кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге ооруларды айыктыруу үчүн сынап көрүү ниети бар экенин билдирген.

Бирок, уу коргошун өсүмдүгү, өтө уулуу жана кооптуу болгондуктан дүйнөлүк медицинада колдонулбайт. Ошондой эле Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштаган дарыларынын тизмесинде жазылган эмес.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 29-марттан баштап Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталат. Саламаттык Сактоо министрлиги билдиргендей, эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт.

Жыйынтык: Изилдөөлөр көрсөткөндөй, коронавирус менен симптомсуз же жеңил формасында ооругандардын организминде жетиштүү деңгээлде антитело пайда болбойт жана кайра ооруп калуу ыктымалдуулугу жогору. Мындан сырткары, эксперттер ооругандан пайда болгон иммундук система жаңы пайда болуп жаткан коронавирустун штаммдарына каршы туруксуз экенин айтышкан. ДССУ Коронавирус менен мурда ооруп айыккандарды да эмдөөдөн өтүүсүн сунуштайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты