Т-Медиа: 6,5 млн сом жумшалып, урап аткан фонтанды кимдер курган? Текшеребиз

Т-Медиа Кадамжай шаарында 6,5 млн сом жумшалып, урап аткан фонтанды кимдер курганын текшерип чыкты.

«Фейсбук» социалдык тармагынын айрым колдонуучулары Кадамжай шаарында орнотулган оргума сапатсыз курулганын жазып чыгышты. Посттогу маалыматка ылайык, фонтандын курулушуна 9 млн сом коротулганына карабай, жабыштырылган кафелдер эми эле урап жатат. Колдонуучу бийликти салык төлөөчүлөрдүн акчасын рационалдуу пайдалануусун өтүнгөн. 

Т-Медиа: 6,5 млн сом жумшалып, урап аткан фонтанды кимдер курган? Текшеребиз

«Т-Медиа» редакциясы аталган оргуманын курулушун кайсы компания жасаганын жана канча акча сарптаганын тактап көрдү.

Т-Медиа: 6,5 млн сом жумшалып, урап аткан фонтанды кимдер курган? Текшеребиз

Фонтанды ири тендерлерден утуп жүргөн компания курган

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, Кадамжай шаарында фонданты орнотууга 2021-жылдын ноябрында тендер жарыяланып, ага 1,7 млн сом сунушталган. Жыйынтыгында тендерди «Азанар» компаниясы жеңип чыккан. 

Т-Медиа: 6,5 млн сом жумшалып, урап аткан фонтанды кимдер курган? Текшеребиз

Компания тууралуу эмне белгилүү?

«Азанар» компаниясы мындан башка ири тендерлерди утуп келет. 2018-жылы Кадамжай районундагы Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүнүн оңдоо иштери үчүн жарыяланган 1,2 млн сомдук тендерди уткан.«Баластан Охна» бала бакчасын 220 миң сомго оңдоо иштерин да аткарган. Мындан тышкары,»Азанар» ЖЧКсы вакцина складын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жарыяланган тендерде да жеңүүчү аталган.

Компанияны Абдикаримова Райхан негиздеп, Жоошов Абдыбап Аланович жетектерин Юстиция министрлиги маалымдайтАбдыбап Жоошов «Азанар» компаниясынан тышкары дагы эки ишканага ээлик кылат:

  1. Курулуш жана санитардык материалдарды дүңүнөн саткан «КадРосс» компаниясы; 
  2. Табигый асыл жана жарым асыл таштарды казып алуу менен алектенген «Балчы» компаниясы.

Фонтанды аңчылык кылып, тамак-аш жеткирген компания жарыктандырган

Фонтандын курулушуна 1,7 млн сомдон сырткары жарыктандыруусу жана суу чачкан түтүктөрүнө 544 миң сом сарпталганы белгилүү болду. Бул тууралуу Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Тойчубек Шарипов билдирди. Анын айтымында жумушту «Нургазы Ком» компаниясы аткарган. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, аталган компания Гайдаров атындагы №10-мектепке 610 миң сомдук тамак-аш, ал эми Абсамат Масалиев атындагы айыл башкармалыгына 22 миң сомдук уйдун этин жеткирген. «Нургазы Ком» жоопкерчилиги чектелген коомун Турсунов Нургазы Эминалиевич жетектейт.  Ага аңчылык кылган «Кыргыз Охот» компаниясы дагы таандык

Фонтандын айланасындагы оргумага 4,3 млн сом жумшалган

Т-Медиа: 6,5 млн сом жумшалып, урап аткан фонтанды кимдер курган? Текшеребиз
Т-Медиа: 6,5 млн сом жумшалып, урап аткан фонтанды кимдер курган? Текшеребиз

2019-жылы фонтандын айланасындагы оргуманын курулушуна 4,3 млн сомго тендер жарыяланып, «Ак-Жол Строй Нур» компаниясы жеңишке ээ болгон.  Мекеменин негизги ишмердүүлүгү турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу. Ишкана Ош шаарынын Жапалак айылында жайгашкан. Компаниянын жетекчиси Эргешов Нургазы Арынбаевич, негиздөөчүсү Бакытбек уулу Нурсултан.

Чыгыш Европада, Кавказда, Борбордук Азияда, Латын Америкасында жана Африкада журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борборунун (OCCRP) базасында «Ак-Жол Строй Нур» компаниясы 2018-2019 жылдар аралыгында 20 га жакын ири тендерди утканы тууралуу маалымдалат. Анын ичинде Оштогу аскредик турак-жай пайдалануу бөлүгүнүн курулуш материалдарын сатып алуу үчүн 3,4 млн сомдук тендерди уткан.

Кара-Кулжа айыл өкмөтү жарыялаган брусчатка орнотуу жана керектелүүчү материалдарды сатып алуу үчүн 1 млн сом тендерди да жеңип чыккан.

Курулуш иши боюнча кылмыш иши козголгон

Кадамжай шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, оргуманын курулушу 2020 жылы башталган. Бирок пандемиядан улам убактылуу токтоп калган болчу. 2021-жылы прокуратура тарабынан 331-берене (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгон. 

«Ак-Жол Нур» компаниясы жумушту убагында аткарбаганы үчүн бир канча эскертүүлөрдү бергенбиз. Учурда курулуш толугу менен бүтө элек, технадзор көзөмөлдөп турат. Алардын аткарган жумушун биз кабыл ала элекпиз. Себеби өзүнүн сыноо мөөнөтү болот» — деп билдирди Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Тойчубек Шарипов. 

9 миллиондук долбоор, 6,5 млн сомдук фонтан жана оргума

Долбоор башында 9 миллион сомго бааланган. Бирок Кадамжай мэриясы курулуш иштери дээрлик 6,5 миллион сомго бүтүп жатканын белгиледи. Фонтанды жасаган «Азанар» жана «Нургазы ком» компаниялары аткарган жумуштар толугу менен кабыл алынганын маалымдашты. 

Оргуманын кафелдери эмнеге урап жатат?

Кадамжай мэриясы тротуарды кран тебелеп кеткен үчүн ураган кафелдер жатат деп түшүндүрдү.

«Тротуарды 25 тонналык кран тебелеп сындырып койгондуктан ушундай акыбалда турган. Кайрадан сындырган адамдар тарабынан толугу менен калыбына келтирилди» — деп билдирди Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Тойчубек Шарипов.

Жыйынтык: Курулушка 6,5 миллион сом сарпталууда. Курулуш иштерине катышкан компаниялар буга чейин дагы ири тендерлерди жеңип келген. Алардын бирине шаалакылык үчүн кылмыш иши козголгон. Учурда курулуш иштери аягына чыга элек. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты