УКМК 100% плагиат делген билдирүүнү сайтынан алып салды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) расмий сайтындагы “Азгырууга (вербовка) туш болсоңуз эмне кылуу керек?” аталышындагы макаланы алып салды.

УКМК 100% плагиат делген билдирүүнү сайтынан алып салды

Буга чейин «ПолитКлиника» медиасы аталаган макаланы антиплагиатка текшерип, билдирүүнүн оригиналы Украинанын коопсуздук кеңешинин сайтында жарыяланганын аныктаган.

Кыргызстандын УКМКсы тараткан билдирүүдө жарандарды сак болууга чакыруу менен бирге Украинанын бир канча шаарлары жана мыйзамдары көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда анда Кыргызстан жөнүндө бир дагы жолу сөз болгон эмес.

«ПолитКлиника» медиасы атайын кызмат расмий сайты аркылуу жарыялаган коопсуздук боюнча башка дагы беш билдирүү Украинанын коопсуздук кеңешинин сайтынан, ал эми бирөөсү орусиялык сайттан көчүрүлүп алынганын аныктады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты