Корея тараптын Кыргызстанга инвестиция көбөйтүү ниети бар

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 5-апрелде Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту.

Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн да, Түштүк Корея үчүн дагы келечектүү болгон өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун чоң потенциалы бар экенин белгиледи.Мамлекет башчы учурда Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Бул максатта биз өлкөдө саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анын ичинде чет элдик инвесторлорго зарыл болгон кепилдиктерди берүүгө, ачык экономикага, либералдык соодага, валюта режимине жана ыңгайлуу салык базасына багытталган өзгөрүүлөр бар,-деди Садыр Жапаров деди.

Садыр Жапаров кореялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына дагы көбүрөөк инвестиция салууга чакырып, Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Экономикалык өнүктүрүү жана кызматташтык фонду (EDCF) аркылуу кореялык тараптан көрсөтүлгөн каржылык-техникалык колдоону жогору баалады.

Президент билим берүү чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын студенттери үчүн стипендиялык билим берүү программаларынын квоталарын көбөйтүүнү студенттер жана окутуучулар менен алмашуу программаларын ишке ашырууну карап көрүүнү өтүндү.

Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сок корей тарап ар тараптуу кызматташууга жана Кыргызстандын алдыга карай өнүгүүсүнө активдүү катышууну кааларын жана ага даярдыгын баса белгиледи.

Ал корей тараптын Кыргызстанга инвестицияларды көбөйтүү ниети бар экенин билдирди. Анткени эки өлкөнүн маданият чөйрөсү сыяктуу орток кызыкчылыктары‘ бар.

Төрага кыргыз тараптын билим берүү жана курулуш жаатында кызматташуу боюнча көтөргөн демилгелерин кубаттап, алардын эки тараптуу алакаларды кеңейтүүдөгү ролу зор экенин белгиледи.

5-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарына расмий иш сапары менен келген Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту.

Сүрөттө: Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сок. president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты