Төрага Шакиев Улуу Британиядагы расмий иш сапарында Кембридж университетине барды

  • 2 месяца мурун

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы расмий иш сапарынын алкагында Кембридж университетине барды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

1209-жылы түптөлгөн окуу жайдын эски кампустарында болуп, байыркы университеттин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Белгилүү болгондой, азыркы тапта аталган окуу жайда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген 18 миңден ашуун студент окуса, аларга 9 миңдей окутуучулар жамааты билим берет.

Окуу жайдын жетекчилери жана окутуучулары менен өткөрүлгөн жолугушууда Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалары тууралуу сөз кылып:

 “Тарыхый улуу жолду басып өтүп, Исаак Ньютон, Чарлз Дарвин өңдүү бүтүрүүчүлөрү менен таанылган Кембридж университетинде 121 Нобель сыйлыгынын ээси, Улуу Британиянын 14 премьер-министри билим алган. Жалпы адамзатты кызыктырган бул университетке окууну каалаган кыргыз жаштары да арбын. Алсак, университетте окуу мүмкүнчүлүгүн алып,   “Кембриджде окуган” деген ардактуу наамга ээ мекендештерибиз да бар” деди.  

Алардын катарында, вакцинаны муздатпастан сактоо боюнча уникалдуу ыкманы ойлоп тапкан кыргыз кызы Асель Сартбаева Кембридж университетинин аспирантурасында тажрыйбасын арттырса, Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов да бул окуу жайда билимин жогорулаткан.  Буйруса, ушундай мекендештерибиз дагы көбөйүп, Кыргызстан менен Кембриджди байланыштырган билим көпүрөсү түзүлөт деген ишеничтемин, -деп кошумчалады.

Андан соң төрага Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына байланышкан тегерек столго катышып, бабаларыбыздын баскан жолу тууралуу кеңири баяндама жасады.

Ал эми Кембридж университетинин профессору, Борбор Азия форумунун директору Сиддхарт (Монту) Саксена өзү жетектеген форумдун ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, кыргыз калкынын тарыхына, маданиятына ар тараптуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатканын билдирди.

Тегерек столдо Кыргыз каганатынын тарыхына кызыккан айрым окумуштуулар аталган багытта ар кандай изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатышканын билдиришти. Ага ылайык, Кыргыз каганатынын тарыхына байланыштуу чыгарылган китепти  Шакиевге белек кылышты.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты