“Монгол инвесторлору Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар”. Президент монгол парламент төрагасын кабыл алды  

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-февралда, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатарды кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кыргыз-монгол кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент жолугушуунун жүрүшүндө монгол тарапка Кыргызстандын Азия автомобиль жолдору тармагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашууга кошулуусун, ошондой эле 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Монголия парламентинин спикеринин айтымында, бул жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзгөндүктөн, монгол инвесторлору Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдиришүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты