«Талас» аймактык аэропорту ишке берилүүгө даяр экендиги айтылды

  • 1 месяц мурун

«Талас» аймактык аэропорту учактарды жана жүргүнчүлөрдү кабыл алууга даяр.

Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта, «Манас» эл аралык аэропортунун» төрагасы Манасбек Самидинов «Талас» аэропортуна барган учурунда билдирди

Төраганын айтымында «Талас» аэропортуна 2023-жылдын 15-июнунда капсула салынып, учуп-конуу тилкеси курула башталган. Ал эми бүгүнкү күндө аталган аэропорт учактарды жана жүргүнчүлөрдү толук кандуу кабыл алууга даяр.

“Жүргүнчүлөрдү жана учактарды «Талас» аэропорту кабыл алууга толук кандуу даяр деп баса белгилеп айтууга болот. Бирок бүгүнкү күндө өлкө аймагында каттамдарды аткарып жаткан «Тез Жет» авиа компаниясынын учактары жетишпегендиктен, бул багытка каттамды ачууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан «Манас» эл аралык аэропорту» былтыр сатып алган «Dash-8-400» үлгүсүндөгү учактар ушул жылдын май айында келээри менен “Манас” эл аралык аэропортунун туунду компаниясы «Асман Эйрлайнс» — өлкө ичинде курулган бардык аймактык аэропортторго каттам ачып, элибизге кызмат кыла баштайт” деди Самидинов.

 «Талас» аэропорту деңиз деңгээлинен 1266 метр бийиктикте орун алган. Саатына 100 жүргүнчүнү тейлей алат жана ички каттамдарды аткарууга багытталган. Учуп-конуу тилкеси Ан-2, Ан-26, Ан-28, Авро РЖ-85, БАЭ-146, Як-40 сыяктуу учактарды жана тик учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Сүрөт: «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты