Монголия парламентинин төрагасы Гомбожавын Занданшатар Кыргызстанга келет

  • 2 месяца мурун

Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын (парламентинин) Төрагасы Гомбожавын Занданшатар 26-29-февраль күндөрү Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келет. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.  

Расмий иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар чакан жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Анда эки тараптуу алакаларды арттырууга байланышкан маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Сүрөттө: Монголия парламенти. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты