УКМК: Медициналык аппараттарды сатып алууда коррупциялык схема аныкталды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коронавирус пандемиясы учурунда атайылап жогорулатылган баада медициналык каражаттарды сатып алуунун системалуу фактылары аныкталды.

2020-жылдын май айларында саламаттык сактоо министрлиги эл аралык гранттар жана насыя каражаттары аркылуу жалпы суммасы 1,8 миллион АКШ долларына 67 жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, ал эми алардын иш жүзүндөгү базар баасы 600 миң АКШ долларын түзгөн. Мисалга алганда, 40 даана сатылып алынган ар бири 30 миң АКШ долларынан турган желдеткичтер, алардын баасы Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин маалымат базасы боюнча 7900 АКШ долларын түзгөн.

Мындан тышкары, 2020-жылдын сентябрь айында саламаттык сактоо министрлиги ар биринин баасы 25 миң АКШ долларынан болгон 27 даана балдарга ылайык жасалма желдеткич аппараттарын сатып алышкан, бирок алардын базар баасы 10 миң АКШ долларынан ашпаган суммада болгон.

Ушул факты боюнча, КР кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) фактысына ылайык катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ПолитКлиниканын иликтөөсү

2020-жылдын июль айында Политклиника медиасы «Коронавирустан акча жасап: Жөнөкөй маска 25 сомдон, коргонуучу кийимдер 6000 сомдон алынган» деген иликтөөсүн жарыялаган.

Иликтөөдө ИВЛ аппаратынын бир даанасы 2 млн 500 миң сомдон алынганы, сатып алуулар боюнча порталда көрсөтүлгөн VENTIlogic LS аппаратын интернет дүкөндөрдөн 1 млн сомго чейин табууга болору аныкталган.

15-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды» деген шек менен кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты