Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстанда синтетикалые баңгизаттарды таратуу фактылары көбөйгөнүн билдирди.

Маалыматта айтылгандай, учурда, УКМК бүткүл өлкө боюнча баңги заттарды өндүрүүчүлөрдү/таратуучуларды жок кылуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Заманбап синтетикалык дары — бул ар бир адам үчүн эң коркунучтуу «капкан». Өзгөчө, 25 жашка чейинки өспүрүмдөр жана жаштар арасында тобокелдик көбүрөөк болуп саналат.

 Андыктан, ата-энелерге балдарынын кызыкчылыктарын көзөмөлдөөгө, алар менен алдын алуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө, ошондой эле синтетикалык баңги заттарды колдонуунун коркунучтуу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат берип туруу сунушталат.

УКМК эгерде сиз же сиздин жакындарыңыз баңгичиликке байланыштуу жардамга муктаж болсо, анда төмөнкү анонимдүү 118 ишеним телефонуна кайрылууга болорун эскертти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты