​Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды

  • 4 года мурун

15-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматта турганда кылган «шалаакылыгы жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды» деген шек менен кармалды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, финпол саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата «шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы боюнча шек санап, кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле «элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөнү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген» деп жазылган.

Мурунку министр Чолпонбаевдин Финпол тарабынан кармалганын анын уулу Эркин Чолпонбаев «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, экс-министрдин кармалганы боюнча үй-бүлөсүнө маалымат берилген эмес.

Финполдун тергөө башкармалыгы март айында кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-министр Чолпонбаевди 6-июлда суракка чакырган. Териштирүү саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган. Сурак учурунда Чолпонбаев оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Ушул эле иштин алкагында финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

Космосбек Чолпонбаев жана Алтынай Өмүрбекова Президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты