Өзгөндө жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке алынды (Видео) 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Өзгөн шаарындагы Азнабакиев атындагы борбордук стадиондун  жана сейил бактын жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз берилгендиги аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 2003-2005-жылдары Өзгөн шаарынын борбордук стадионунун жана Азнабакиев атындагы парктын аймагында убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелери КР жарандарынын жеке менчигине мыйзамсыз берилип, аталган участокторго эки чайкана курулгандыгы айтылат.

Объекттердин базар наркы 42 407 000 сомго бааланган.

Жер тилкелеринин жана чайкананын ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары аталган объектилерди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүп берүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты