​Депутат Бекешев: Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттады. Өкмөт жигердүү иштеши керек

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-марттагы, жалпы жыйынында депутаттар өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелер тууралуу сөз козгошту.

Депутат Дастан Бекешев азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттаганын, жумушсуздук күч алып бара жатканына токтолуп, «Өкмөт жигердүү иш алып баруусу керек» деди.

Депутат Карамат Орозова Баткен районуна караштуу Төрт-Күл айылындагы Чоң-Талаа орто мектебинин абалы начар экенин белгиледи.

«Баткен эли бийликти дайыма колдоп келет. Бирок эмне үчүн бийлик Баткен элине кайдигер карайт. Өкмөт элдин мүдөөсүн угуп, типтүү мектеп куруп бергиле. Элдин талабын эске алгыла» деди.

Андан тышкары, депутат Марлен Маматалиев эл кыйналып жаткан учурда Коопсуз шаар долбоору да кошумча оордук жаратып жатканын билдирди. «Долбоор өзүн актады. Мындан ары айып пулдун өлчөмүн азайталы. Айыптардын туумун жок кылалы. Анткени, долбоор бул банк эмес» деген оюн айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты