Партиялар жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бюллетенге кирүү боюнча чүчүкулак кармады

  • 3 года мурун

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бүгүн, 15-мартта, жергиликтүү кеңештерге шайлоого катталган саясий партиялар арасында бюллетенге киргизүү ырааттуулугун аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрдү.

Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча бюллетендерде саясий партиялар төмөнкү кезекте кирмей болду:

  1. “Улутман” саясий партиясы
  2. “Ыйман Нуру”
  3. “Наш народ”
  4. “Демократическое движение Кыргызстана”
  5. “Замандаш”
  6. “Улуу-Журт”
  7. “Ишеним”
  8. “Свобода выбора”
  9. Власть народа”
  10. “Партия коммунистов Кырызстана”
  11. “Социал-демократы”
  12. “Ата-Журт Кыргызстан”
  13. “Республика”
  14. “Айкөл Кыргызстан”
  15. “Народно-демократическая партия Кыргызстана”
  16. “Тынчтык”
  17. “Кыргызстан”
  18. “Партия зеленых Кыргызстана”
  19. “Ак Бата”
  20. “Социалистичекая партия Кыргызстана”
  21. “Бутун Кыргызстан”
  22. “Эмгек”
  23. “Реформа”
  24. “Ынтымак”
  25. “Патриот” саясий партиясы.

Чүчү кулак тартууга катталган саясий партиянын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук байкоочулар катышты.

Бул күндөрү өлкөнүн 28 шаарындагы шайлоо комиссиялары шаардык кеңештерге шайлоого катталган саясий партиялардын арасында бюллетендеги санын аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүүдө.

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештерге дайындалды.

Сүрөт: БШК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты