​»Хюман Райтс Уотч» Конституцияны кийинки парламент талкуулашы керек деп эсептейт

  • 3 года мурун

Эл аралык «Хюман Райтс Уотч» укук коргоо уюмунун пикирине караганда, Кыргыз парламентинин азыркы убактылуу курамы Баш мыйзамдын долбоорун кароону 7-чакырылыштын депутаттары шайланып келгенге чейин токтото турушу керек.

Анткени конституциялык реформанын алкагында кеңешүү-акылдашуу кең-кесири жүрүп, демилгечилер бардык тараптардын ар бир айтылган пикир-сунуштарын эске алышы зарыл.

Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Хюман Райтс Уотч» (Human Rights Watch) укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө айтылат.

Уюм 9-февралда Кыргызстандын Жогорку Кеңешине киргизилген “Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору адам укуктарынын нормаларын алсыратып, бийликтин өз ыйгарым укугунан кыянаттык менен пайдаланышына бөгөт коюучу тең салмагын буза тургандыгын» да белгилеген.

“Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинде Евробиримдик, анын айрым мүчөлөрү, АКШ жана Улуу Британия жаңы Баш мыйзамды кабыл алууну улуттук жана эл аралык нормаларды сактоо менен жүргүзүүсү үчүн Кыргызстандын өкмөтүн Конституциянын долбоорун Венеция комиссиясына берүүгө чакырышы керек”, — деген Human Rights Watch.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынды. Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш беришти, 21и катышкан жок.

Конституциянын жаңы долбоорун бийлик 11-апрелде референдумга койгону жатат. Документ парламенттин kenesh.kg сайтына 9-февралда жарыяланган.

Бир топ саясатчылар, юристтер долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтып, сынга алышууда.

Конституциялык реформанын жактоочулары айтылган сындарга макул эмес.

Президент Садыр Жапаров долбоордо парламенттин негизги функциялары сакталаарын, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындалаарын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун судьяларын шайлоо, бошотуу жана башка милдет-укуктар парламентке тиешелүү болоорун билдирген.

3-мартта парламенттин отурумунда референдумга байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулоо талаш-тартыш, сын-пикир менен коштолду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты