Конституциянын 30 жылдыгы: Депутат Мадумаров Баш мыйзам аткарылбай жатканын сындады

Бүгүн, 11-майда, Жогорку Кеңештин жыйындар залында Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу жыйында парламент депутаты Адахан Мадумаров Конституциянын талаптары аткарылбай, адам укугу сакталбай жатканын сындады.

-Кеп Конституцияда эмес. Кеп ким аны кандайча кабыл алынгандыгына байланыштуу, -деди депутат.

Конституциянын 53-беренеси, ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган ар кандай аракеттерди жана ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу. Ошол укук барбы Кыргызстанда?

 53-берененин 3-пункту. Ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, абийирин жана ар намысын урматтоого милдеттүү. Ар-намыс сакталып жатабы?

56-беренеси. Кыргыз Республикасында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбайт. Бүттү! Мына, Конституциялык соттун төрагасы отурат. Конституция эң жогорку юридикалык күч жана анын талаптары түздөн-түз жана кыйшаюсуз иштетилет. Бул – талап.

Кемсинтүүгө жана (андай) мыйзамды кабыл алууга мүмкүн эмес дейбиз, керек болсо ар кандай сөздөр да чыгып кетип жатат.

59-берененин 6-пунктунун 2-абзацы билип-туруп атайын мыйзамсыз жана негизсиз кармоо же камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары жазык жоопкерчилигине тартылат деп жатат. Жоопкерчиликке бир киши тартылдыбы? Канча киши айыпсыз камакка алынды? Канча кишинин күнөөсү далилденбей туруп абакта жатат? Жылдап-жылдап жатат, -деди депутат Адахан Мадумаров.

Бүгүн, 11-майда, Жогорку Кеңештин жыйындар жалында мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, коомчулуктункатышуусунда Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Бул жылы 5-майда Баш мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл толду.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты