Инклюзивдүү билим берүү борборундагы баланын сабалышы. Окуяны милиция иликтеп жатат

  • 1 год мурун

3-январь күнү социалдык тармактарда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдүү билим берүү борборунда тартылган видео пайда болду. Видеодо тарбиячылар балага орой мамиле кылып жатканы көрсөтүлгөн. Кийинчерээк белгилүү болгондой, аталган окуя Бишкек шаарындагы 5-кичирайондо жайгашкан “Brain Up” нейрокоррекциялык бала бакчасында болгон. Бул борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациядан өтүшөт.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул факты  катталып, экспертизалар дайындалганын билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жабыркаган бала 2022-жылдын август айынан борборго барган М.Н. аттуу жаран экени белгилүү болду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты