Конституциябызды ким оңдойт же Баш мыйзамды качан сабаттуу жазабыз?

5-майда Негизги мыйзамыбыздын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдап жатабыз. Буга байланыштуу публицист, котормочу Жыргалбек Турдукожоевдин макаласын сунуштайбыз.

“Баш мыйзамдын долбоору кыргызча жазылып жатат”

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште каралууда. Ушул окуяларга же процесске байланыштуу Баш мыйзамдын текстинин сабаттуулугу жөнүндө сөз кылуу ашыктык кылбас деп ойлойм.

Көз карандысыз жана эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынган 1993-жылдан тартып, 28 жыл ичинде Негизги мыйзамга 11 жолу өзгөртүү киргизилсе, алардын баары орус тилинде даярдалып, кыргыз тилине которулгандыгын эч ким танбайт. Ал эми Конституциябыздын акыркы редакциясы (2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган) кайсы тилде жазылган?

Конституциялык кеңешменин төрагасы Б. Бөрүбашев 2021-жылы 10-февралда “Азаттык” радиосуна маегинде “алгачкы жолу Баш мыйзамдын долбоору кыргызча жазылып жатат” деп билдирди.

Андан эки ай мурда Конституциялык кеңешменин мүчөсү, учурда Минкабдын төрагасынын орун басары болуп иштеген Эдил Байсалов “Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат. Буга чейин ал орус тилинде жазылып, кыргызча которулганда мааниси өзгөрүп кетчү. Учурда ар бир сөз талкууланып жазылууда”деп жар салган.

Аттуу-баштуу бул адамдардын расмий билдирүүлөрүн укканда, башкаларды билбейм, мен “эми прецедент пайда болду, мындан ары мыйзамдарыбыз эне тилибизде жазыла баштайт экен” деп, кубанганымды жашырбайм (бул менин Баш мыйзамдын долбоорун, концепциясын, маани-мазмунун колдогонумду айгинелебей тургандыгын, алар тууралуу жеке көз карашымды өз кезегинде ачык жазып, коомчулукка билдиргенимди эскерте кетейин).

Мамлекеттик тилдин тагдырына күйгөн, мурда кабыл алынган Конституция, мыйзамдардын сабатсыз котормолоруна байланыштуу ой- пикирлеримди жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялап жүргөн адам катары мен акыркы Баш мыйзамдын текстинин кыргыз тилинде кандай жазылгандыгына кызыктым. Лингвистикалык өңүттө кылдат талдоо жүргүзүүнүн натыйжасы мени күтүүсүз, ошону менен бирге өкүнүчтүү эки тыянакка алып келди:

1. Акыркы Конституциябыздын тексти кыргыз тилинде жазылган эмес, орусчадан которулган;

2. Колдонуудагы Баш мыйзамдын кыргыз тилиндеги тексти ага чейинкилерге салыштырмалуу өтө сабатсыздыгы менен айырмаланат.

 Конституциянын долбоорунун тексти орусчадан которулган

Жогоруда белгиленгендей, акыркы Конституциябыздын долбоорунун тексти кыргыз тилинде жазылбагандыгын, орусчадан которулгандыгын толук айгинелеген кыргызча тексттеги теориялык, гносеологиялык (логикалык жана предметтик) каталарга жол берилген айрым мисалдарды келтирейин. Окурманга ыңгайлуу болсун үчүн тексттердин кыргызча жана орусча варианттарын, аларга комментарийлеримди таблица түрүндө берүүнү ылайык көрдүм (1-таблицаны караңыз).

Корутунду

Жогоруда айтылгандардан улам төмөнкүдөй мыйзам ченемдүү суроо туулат: Конституциябыздагы ушул кемчиликтер жакында четтетилеби же ошол боюнча колдонула береби? Эгерде оңдолууга тийиш болсо, ким, качан оңдойт?

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”мыйзамда жазылгандай, “Конституция – эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон жана эң маанилүү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууда негиз болуучу принциптерди жана ченемдерди бекитүүчү, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн укуктук негиз түзүүчү ченемдик укуктук акт”.

Лингвистикалык-эксперттик топтун курамы бул шилтемеде.

Демек, Конституциянын тили ага ылайык кабыл алынуучу мыйзамдардын жана башка ченемдик- укуктук актылардын долбоорлорун даярдоочулар, ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) үлгү тута турган, адабият тилинин ченемдерине негизделген, сабаттуу тил болууга тийиш.

Экинчиден, жана эң негизгиси, Конституция баш болгон бардык ченемдик-укуктук актылардын жоболору бурмаланбаган, сабаттуу жана түшүнүктүү тилде жазылганда гана укукту (мыйзамдарды) колдонуучулар аларды Негизги мыйзамда белгиленгендей, “так жана бирдей” аткарып, колдонушуна мүмкүнчүлүк түзүлөт, адамдардын укуктук аң-сезиминин, укук маданиятынын деңгээлинин жогорулашына өбөлгө болот (Конституцияга ылайык бул дагы мамлекеттин милдети болуп саналат).

Мыйзам тилинин сабаттуулугу ченем жаратуучу органдардын (кызмат адамдарынын), биринчи кезекте, мыйзам чыгаруу бийлигин жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган катары парламенттин эркине, уюштуруучулук жөндөмүнө, жигердүү жана чечкиндүү аракетине жараша чечилүүчү маселелерден экендиги шексиз. Бул өңүттө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин “Парламент коомду алдыга сүрөп, агартуучулук милдетти да аркалашы кажет. Ар бир кабыл алган мыйзамдарыбыз, токтомдорубуз жана чечимдерибиз өлкөбүздүн жаркын келечегине кызмат кылышы үчүн сапатына өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалып, орфографиялык, стилдик, пунктуациялык жана башка каталарга жол бербөө негизги милдетибиз болушу шарт” деген демилгеси толук колдоого татыктуу. Албетте, бул каржылык, уюштуруучулук жана адам ресурстарын (даярдык деңгээли жогору котормочу, редактор, корректорлорду, башка кесипкөй адистерди) талап кылган нары жоопкерчиликтүү, нары оор жана татаал иш. Парламент башчысынын демилгеси ишке ашса, бул абалы күндөн күнгө оорлоп бараткан мамлекеттик тилибизди өнүктүрүүдөгү чоң прогресс болору талашсыз.

Жыргалбек ТУРДУКОЖОЕВ,

публицист, котормочу

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты