Казакстан: Учак кырсыгында эки киши каза болду

  • 7 месяцев мурун

Казакстандын Караганды облусунда бир моторлуу учак кыйрап, эки киши каза болду. Кырсык 30-сентябрь күнү эртең менен авиациялык «Балапан» окуу-машыгуу борборунда катталган.

Жарандык авиация комитетинин маалыматына караганда, кырсыкта буга чейин 1 000 сааттан ашык учкан инструктор жана аскердик институттун курсанты каза тапты.

«UP-LA286 үлгүсүндөгү учакка асманга көтөрүлүүгө жарактуулугу тууралуу сертификат 2020-жылы июнда берилген. 2011-жылы чыккан учак Казакстандын Жарандык учактарынын реестрине 2020-жылы майда катталган» деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

Учак кырсыгына байланыштуу Казакстандын авиациялык администрациясынын башкы директору Каталин Раду чукул жыйын өткөргөнү кабарланды.

Азырынча кырсыктын себептери айтыла элек.

«Балапан» окуу-машыгуу борбору авиациялык персоналды даярдайт. Анда акыркы текшерүү 2022-жылы ноябрь айында жүргүзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты